«Министрлер кабинети жөнүндөгү» жарлыкка кол коюлду. Анын түзүмү кандай?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

11-апрелде референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу органдарын жана сот бийлигин түзүүнүн жаңы тартиби орнотулду. Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелгендигин көңүлгө алып, 5-майдагы № 59 «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:

—  Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине кайра түзүлсүн.

—  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн укук мурастоочусу деп эсептелсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:

— Экономика жана финансы министрлиги;

— Коргоо министрлиги;

— Тышкы иштер министрлиги;

— Юстиция министрлиги;

— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

— Билим берүү жана илим министрлиги;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Ички иштер министрлиги;

— Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

— Энергетика жана өнөр жай министрлиги;

— Айыл, токой жана суу чарба министрлиги;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлиги;

— Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

— Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети;

— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети төмөнкүлөрдөн турат:

— Министрлер Кабинетинин төрагасынан;

— Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынан;

— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министринен;

— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары;

— Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министринен;

— Министрлерден;

— Мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

— Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;

— Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.