Министрлер кабинети мыйзамсыз ташылып келинген оң рулдуу унааларды мыйзамдаштырууга даяр, бирок бир шарты бар

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кечээ, 22-июнда Министрлер кабинетинин катышуусунда өткөн жыйында 2015-жылы тыюу салынгандан кийин Кыргызстанга мыйзамсыз киргизилген оң рулдуу унааларды мыйзамдаштырууну сунуштады.

Төрага депутатка кошуларын айтып, мыйзам долбоор дайындоо керектигин айтты. «Дастан Далабаевич, негизи идея туура. Мыйзам долбоорун иштеп чыгалы, жарандын бир унаасы болсо, биз аны колдоого даярбыз. Эгерде бир адам жүз машина алып келип, бул боюнча спекуляция жасап жатса, тилекке каршы, биз буга жол бере албайбыз», — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстанда оң рулдуу унааларды каттоого 2015-жылдын ортосунда тыюу салынган. Бул чечим дагы эле талаштуу, анткени быйыл эле Жогорку Кеңеште чектөөнү алып салуу мүмкүндүгү боюнча эки мыйзам долбоору көтөрүлдү. Автоактивисттер дагы бир нече жыйындарды өткөрүп, тыюуну алып салууну талап кылышкан.