Министрлер кабинети: «Тажик тараптын «Унжу-Булак» тилкеси жазылгандыгы тууралуу билдирүүсү калп»

Министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлчүлүгү тажик тараптын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Унжу-Булак» тилкесине байланыштуу маалыматы боюнча билдирүү таратты.

«2002-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүлүүдө, учурда аны жазуу процесси жыйынтыктала элек. Буга байланыштуу «Унжу-Булак» тилкеси жазылгандыгы тууралуу билдирүү чындыкка дал келбейт.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан ортосунда аталган участокту жазуу тууралуу тийиштүү келишимге кол коюлган эмес, мунун өзү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан тариздөө жыйынтыктала электигин билдирет. Натыйжада, аталган тилкени Тажикстан тарабынан макулдашуусуз ар кандай конструкцияларды жана контейнерлерди орнотуу аркылуу өздөштүрүү аракеттери коңшулук жана достук мамилелерге дал келбейт жана мындан ары чек арага чектеш аймактардагы абалдын курчушуна алып келиши мүмкүн», — деп жазылат маалыматта.