Министрлер кабинетинде COVID-19 учурунда туризм тармагын өнүктүрүү маселелери каралды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясы пандемиясы учурунда туристтик тармакты мындан ары карай өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, ал чаралардын бири катары республиканын калкын, анын ичинде туристтик тармактын кызматкерлерин толук кандуу вакцинациялоо болуп саналат. «Түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калкты вакцинациялоо процессине активдүү тартуу, коронавирус инфекциясына коллективдик иммунитетти ыкчам түзүү медициналык мекемелердин гана жүктөмүн төмөндөтпөстөн, жарандардын кадимки жашоого кайтышын ыкчамдатат», — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жайкы туристтик сезондо коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Бирок рейддердин жыйынтыгы боюнча, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиктен, эс алуу жана туризм уюмдарынын 9 жетекчисине айып пул салынып, башка кемчиликтер дагы аныкталды. Кенешменин жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине чет элдик жана ата мекендик туристтердин ПЦР-анализ жүргүзүүсүнө, же коронавирус инфекциясына каршы вакцина алуусуна жеткиликтүүлүгүн камсыздоосу, вакциналык (паспорттордун) жана электрондук сертификаттардын таанылуусу боюнча иш жүргүзүүсү көрсөтүлгөн. Тышкы иштер министрлигине чет элдик туристтерге электрондук виза берүү тутумунун ишин жакшыртуу тапшырылды.