Министрлер кабинетинин азыркы курамы отставкага кетти. Президент жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин азыркы курамы отставкага кетти.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар Министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат.