Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов кайрылуу жасады (видео)

Бүгүн, 12-октябрда кызматынан бошотулган Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов кайрылуу жасады.

«Элибизге, президентибиз Садыр Жапаровго, парламентке ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүн мурдагы курамдын иштегенине 250 күн болуптур. Ар кандай күндөр болду. Биздин негизги принцип таза иштөө, элге кызмат кылуу болчу. Биз ошол максатыбызга жеттик», — деди ал.