Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары менен барды.
Төраганы Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Армениядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Бабкен Седракян тосуп алды.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 18-19-ноябрь күндөрү Ереванда Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстандын жана Кубанын өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт.










