Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Арменияга барды. Аны кимдер тосуп алды?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жумушчу сапары менен барды.

Төраганы Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Армениядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Бабкен Седракян тосуп алды.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 18-19-ноябрь күндөрү Ереванда Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстандын жана Кубанын өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт.