Министрлер кабинетинин төрагасы алгачкы кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн катышуусунда биринчи жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анда президенттин 5-майдагы Кыргызстан элине кайрылуусун ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды. Марипов экономикалык оор кырдаал чечкиндүү чараларды кечиктирбестен кабыл алуу зарылдыгын көрсөтүп жаткандыгын белгиледи.

«Президент министрлер кабинетинин алдына бир катар антикризистик милдеттерди койду, аларды аткаруу керек. Биринчи кезекте ишкердик чөйрөнү максималдуу жакшыртуу. Ушул себептен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министрлиги түзүлгөн. Ошондой эле сот реформасынын алкагында жеке менчикти коргоо жана арбитраждык сотту өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү милдети турат. Мындан тышкары, тышкы сооданы жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү. Биз ушул жана башка бир катар маанилүү тапшырмаларды аткарышыбыз керек. Алардын бардыгы калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Биз күнү-түнү өзгөчө кырдаал режимде иштейбиз», — деди ал.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылып, инвестицияларды тартууга жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө, анын ичинде калкты эмдөө боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүүгө көңүл буруп, мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун күчөтүү керектигин кошумчалады.

«Бүгүн биз аткаруу бийлигинин тарыхындагы жаңы баракты ачып жатабыз. Министрлер кабинетинин жаңы курамы бекитилди, өлкөнүн келечеги биздин ишибизден көз каранды. Бизге эбегейсиз зор жоопкерчилик жүктөлдү, сөздөн ишке өтүүнүн мезгили келди», — деди Марипов.

Жолугушуунун жыйынтыгында, ал ыкчам чечимдерди талап кылган бир катар тапшырмаларды берип, алар өз убагында аткарылышы керектигин белгиледи. Бул үчүн ар бир мамлекеттик органдын башчысы жеке жоопкерчиликти тартарын билдирди.