Министрлер кабинетинин төрагасы менен орун басарлары дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 11-апрелде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Марипов Улукбек Асамидинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалды.

Ал эми Новиков Артем Эдуардович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бакашова Жылдыз Кемеловна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Кармышаков Улукбек Тойчуевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри болуп дайындалды.

Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.