Министрлер кабинетинин төрагасы оң рулдуу унааларды каттоого караманча каршы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге оң рулдуу унааларды кайра каттоого уруксат берүү боюнча комментарий берип жатып, терс пикирде экенин айтты.

Анын айтымында, Министрлер кабинети кымбат унааларга салык салуу боюнча Түркиянын тажрыйбасын карап чыгууну пландаштырууда. Кубаттуулугу чоң унаалар үчүн 10 миң доллар салык бар. «Биз аларга дагы салык салабыз. Бирок өлкөдө 15 жылдан ашкан 1,1 миллион унаа бар. Ал эми оң рулдуу башкарууга да уруксат берсек, Орусияда, Белоруссияда, Казакстанда тыюу салынган унаалар бизге келет. Унааларыбызды электрге алмаштыруу боюнча программанын үстүндө иштеп жатабыз», — дейт Акылбек Жапаров.

Өткөн аптада депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңеш оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну алып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдай турганын билдирген.