Министрлер Кабинетинин төрагасы түрк бизнесмендери менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин алкагында түрк бизнесмендери менен консультативдик жолугушууга катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушууга 30 ашуун бизнесмен катышып, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөсү ортосундагы өз-ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстанда жаңы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Улукбек Марипов инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттыруу боюнча чаралар тууралуу айтып берди. «Түркия Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү. Бүгүнкү күндө биздин өлкө Түркия Республикасы менен ар кыл тармактарда мамилелерибизди өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн максималдуу күч-аракетти жумшоого даяр», – деп белгиледи Марипов.

Түрк бизнесмендери, анын катарында биздин өлкөдө көптөгөн жылдар бою иштеген бизнесмендер инвестициялык кызматташтык боюнча өз идеялары менен бөлүшүп, ошондой эле республикадагы ишкерликти жүргүзүү боюнча актуалдуу маселелерди көтөрүштү. Министрлер Кабинетинин башчысы түрк компанияларын Кыргыз Республикасына, өзгөчө энергетика, өнөр-жай, айыл чарба, туризм, тоо-кен жана саламаттык сактоо сыякттуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарына инвестициялоого чакырды.