Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктар менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Министрлер кабинетинин орун басарлары дайындалды.

Жарлыктарга ылайык:

Кожошев Арзыбек Орозбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды;

Аалиев Азиз  Кубанычбекович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду;

Байсалов Эдиль  Жолдубаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.