Министрлер кабинетинин түзүмүнө Санариптик өнүктүрүү министрлиги кошулду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Аталган жарлык менен президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизилди. Бул жарлык санариптештирүү жана электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында Санариптик өнүктүрүү министрлигин Министрлер кабинетинин түзүмүнө киргизүүнү карайт.