Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды

Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол коюп, жаңы жетекчини жамаат менен тааныштырышты.

Мирбек Кожоев 39 жашта. Буга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген.