Социалдык тармактарда өлкөнүн 1 миллиард долларга карызы көбөйүп жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.
2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 миллион доллар суммасында келишимдер түзүлдү, анын ичинен гранттар – 291,5 миллион доллар жана кредиттер – 466,8 миллион доллар. «Бул аралыкта 1 миллиард долларга эмес, 466,8 миллион долларга кредиттик келишимдер түзүлгөн. Кыргызстандын кирешеси төмөн экенин эске алып, донорлор жеңилдетилген шартта насыя беришет», — деп кошумчалашты министрликтен.
Саламатсызбы мен кридит алсамбы дегем башка жерде мол булак .Бир топто кридитим бар силерден алып баарын жаап салсамбы дегем алсам болобу?
Саламатсызбы мен Балыкчыдан болом кридитим бар силерден алып баарын жаап салсамбы дегем алсам болобу ошондой кылсам болобу сиздердин ишинерге ийгилик каалайм орозонуз дар кабыл болсун .