Бардык министрликтерге карама-каршылыктар болбошу үчүн бизнес жөнүндөгү мыйзамдарга инвентаризациялоо жүргүзүү тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде президентинин «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» кеңешмеде президенттик аппаратын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүн башчысы Искендер Гайпкулов билдирди.
“Колдонулуп жаткан бардык мыйзамдар инвентаризациялоодон өтүшү керек жана 10-апрелге чейин карама-каршылыктар бар мыйзам долбоорлору берилиши керек. Бардык министрликтер 10-апреге чейин мыйзамды өзгөртүү боюнча өздөрүнун сунуштарын бериши зарыл.Себеби президенттин тапшырмасы толук аткарылышы керек. Бизнеске шарт түзүп беришибиз керек»,-деди Гайпкулов.
Ошондой эле ал убакыт өтө аз экенин эскерип, тапшырмаларды аткаруу талабын койду.











