Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Кыргызстандан бул иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышты.
КМШ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары тарабынан төмөндөгү документтерге кол коюлду:
- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин жугуштуу оорулардын жайылышына каршы туруу боюнча биргелешкен иш-аракеттеринин орто мөөнөттүү планы жөнүндө;
- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин аймактарын санитардык жактан коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин калкын жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Туура эмес товардык белгилердин жана географиялык көрсөткүчтөрдүн колдонулушун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу;
- КМШга мүчө мамлекеттердеги мамлекеттик материалдык резервдерди башкаруучу мамлекеттик (аткаруу) бийлик органдарынын 2030-жылга чейинки мезгилдеги кызматташтыгынын концепциясы жана аны ишке ашыруунун негизги иш-чаралар планы жөнүндө;
- КМШга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки шарп оорусунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын топтому жөнүндө;
- Шериктештикке мүчө мамлекеттердин геодезия, картография, кадастр жана жерди аралыктан зонддоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсү жөнүндө 1992-жылдын 9-октябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол жөнүндө;
- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрдүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатындагы негизги уюму жөнүндө.
- Кадрдык дайындоолор жөнүндө.
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны Беларустун Минск шаарында өттү. КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны 12-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.