Миргүл Молдоисаева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду

Молдоисаева Миргүл Родбековна Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун астындагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Жогорку Кеңештин комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырган.