Мирлан Бакиров: «Админресурсту колдонгону үчүн «Биримдик» боюнча маселе көтөрүлүшү керек эле»

Өткөн жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмесинде 2-орунда катышкан саясатчы Улукбек Кочкоров «Мекеним Кыргызстан» добуш сатып алуулардын негизинде шайлоого жетпей жарыштан четтетилип калат деп күткөм» деп билдирген эле.

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров бул пикирге карата өз оюн билдирди. «Ириде «Кыргызстан» партиясы шайлоого киргизилбеши керек болчу. Мына ушул жерден биринчи мүчүлүштүк кетти. Мен Канат Кедейкановичти сыйлайм. Бирок мыйзам деген мыйзам. Факт турат. Административдик ресурсту колдонгону үчүн «Биримдик» партиясы боюнча да маселе көтөрүлүшү керек эле. Жер-жерлерде шайлоодо иштегендердин баары көрүп-билип эле турду. Бул эми шайлоо. Бүл — күрөш», — дейт Бакиров.

Саясатчынын маегин толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.