Мирлан Бакиров: «Мекеним Кыргызстан» өлкөдөгү өзгөрүүлөргө себепчи болду»

СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын төрагасы Мирлан Бакиров маек берип, өткөн жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоо, андагы адилетсиздик, мыйзам бузуулар, кийинки күндөрдөгү элдик толкундоолор, бул окуялардын жаралышына өздөрүн айыптуу сезеби-жокпу, ушул суроо боюнча комментарий берди.

«Парламенттик шайлоо жыйынтыгы жокко чыкты. Референдум өттү, президенттик башкарууну тандадык. Президентти шайладык. Эгер «Мекеним Кыргызстан» октябрдагы окуяларга себепкерлердин бири болсо, демек, ал келечектеги чоң өзгөрүүгө дагы себепкер болуп калды», — дейт саясатчы. Партия лидери, Жогорку Кеңеште вице-спикер катары да жоопкерчиликти сезип жаттым деп кошумчалайт Бакиров.

Маектин толук версиясын шилтеме аркылуу табасыз.