Мирлан Бакиров: «Райымбек Матраимовдун «Мекеним Кыргызстанга» эч кандай тиешеси жок»

«Райымбек Матраимовдун «Мекеним Кыргызстан» партиясына эч кандай тиешеси жок», — дейт аталган партиянын төрагасы Мирлан Бакиров. Саясатчы мындай маалыматты СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө билдирди.

«Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын депутаты Искендер Матраимов биздин тизмеде парламенттик шайлоого барды. Балким, ошонүчүн коомчулук партияны алардын фамилиясына байлап жатышкандыр», — дейт Бакиров. Ошондой эле Мирлан Бакиров өзүнүн бул партиянын төрагасы болуп калышын «саясий кеңештин чечими» катары түшүндүрдү.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.