Мирлан Бакировдун ордуна Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна ким келди?

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Мирлан Бакиров берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Төраганын дагы бир буйругу менен Канатбек Тургунбеков Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды.