Мирлан Жеенчороев: «Бүгүнкү күндө Бабанов бизнесине, ден соолугуна байланышкан маселелер менен алек»

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маекте «Республика» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Өмүрбек Бабановдун учурда эмне менен алек болуп жатканына токтолду.

«Чет өлкөгө барып, өз ден соолугуна кам көрүп жүргөн. Жаңы саясий блокту түзүп, убакыт чектелүү болуп жатканына байланыштуу көп сүйлөшө алган жокмун. Бирок бүгүнкү күндө ал бизнесине, ден соолугуна байланышкан маселелер менен алек», — деди ал.

Өмүрбек Бабанов 31-майда “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга шектелип кармалып, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Кийинчерээк УКМК Өмүрбек Бабановдун ден-соолугунун начарлашына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн айтып, чет өлкөдө дарыланарын маалымдаган. 6-сентябрда анын өлкөгө кайтып келгени айтылган.