Мирлан Жээнчороев «Республика» партиясынан чыгып кеттиби?

Мирлан Жээнчороевдин «Республика» партиясынан чыгып кеткени айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өз булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Жээнчороев партиянын лидерлигин да тапшырып берген. Депутаттын парламенттик шайлоого башка партия менен барары да айтылып жатат. Тилекке каршы, өзү менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.