Мирлан Самыйкожо: «Баткенде окко учкан жигиттерди сөөгү муздай электе унутуп калабызбы?»

«Спикерди, министрди шайлоо менен кечээкини унутуп калдыкпы? Баткендеги баатырлар качан даңазаланат?» деп суроо салды депутат Мирлан Самыйкожо. 

«Баткенде окко учуп кеткен, сөөгү муздай элек жигиттер жөнүндө сө кылабызбы же жокпу? Чолпонбайдын эрдиги бүгүнкүгө чейин айтылып келет. Баатырлар 3 күндөн кийин унутулуп калды. Ошолорду унутпайлы. Ички интригалар менен кечээкини унутуп калсак, тарых кечирбейт», — деди ал.