Мирлан Самыйкожо: «Элдин үнү бийликке жетпей жатат» десек, бизди оппозиционер ойлоп жатышат»

Ак-Ордодо үйү сүрдүрүлгөн аялдын видеосу соцтармакта тарап, резонанс жараткан соң президент өзү барып ага жолукту. Окуучунун мугалимди шылдыңдаган видеосунун окуясында да министр өзү баш болуп мектепке барды. Маселени чечүүнүн башка жолдору бар беле? Депутаттарга кайрылып көрдүк.

Депутат Мирлан Самыйкожонун айтымында, президенттин элге барып жатканы жакшы көрүнүш. «Бирок өлкө башчыга жеткирбей чече турган анын алдындагы өкмөт болушу керек. Эгер жасай албай жатса барат да, баргандыгы жаман болгон жок. Эл ошого муктаж болуп жатат. Биз деле «өкмөттө мындай нерселер жасалбай жатат, элдин үнү жетпей жатат» десек, бизди оппозиционер катары ойлоп жатышат. Билим берүү министринин мектепке барганы да туура», — деди ал.