Мирлан Самыйкожо: «Мугалимди робот катары ойлобошубуз керек. Мугалим деген мөмөлүү дарак»

«Мугалим десе эле акчасы төлөнүп жатат, айлыгы көбөйдү, берсин билим дегенге өтө баштадык». Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо комитет жыйында билдирди.

«Мугалим дагы эне, мугалим да ата. Мугалимдин да жолдошу, үй-бүлөсү бар. Мугалимдин да баласынын бут кийими жыртылат. Ал да үйүнөн стресс алат, түйшүк тартат. Өзүнүн көйгөйүн үйүнө таштап коюп мектепке барат. Ал жакка барса, баласы менен тең окуучу чекчелеңдеп кийген кийимин шылдыңдап же борду алып берип кой десе, «өзүң алып ал» десе, ал дагы адам да. Мугалимди робот катары ойлобошубуз керек. Мугалим деген мөмөлүү дарак», — деди ал.