Мирлан Самыйкожо: «Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары өз ордун билсин»

«Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары өз ордун билсин». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

«Биздин «Элдик топтун» ичиндеги бир адамга доо кетсе, баарына сөз кетет. Ошондуктан губернатор, губернатордун орун басары ордун билиши керек. Бул жагдайды тыкыр көзөмөлгө алышыбыз керек. Жогоруда айтылган кесиптешибизди колдойбуз. Депутаттык комиссия түзүлсүн, жеринен карап, ушул маселени айтканы чын болсо, чындыгын, калп болсо, жалганын айгинелеп келиши керек», — деди ал.

Буга чейин депутат Акылбек Түмөнбаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов социалдык тармакта депутат Жалалидин Нурбаев тууралуу туура эмес маалымат таратып жатканын билдирген.