Мирлан Самыйкожо: «Ташиев менен болгон окуяда эрдик кылдым дебейм, калыс пикиримди гана айттым»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен болгон окуяда эрдик кылдым дебейм, калыс пикиримди гана айттым. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Мен укмуш деп айта албайм. Болгону калыс пикиримди айттым. Бул парламент. Депутатты, анан президентти эл шайлайт. Калгандары дайындалуучулар. Ар бир депутаттын аркасында шайлоочулар бар. Эгер парламент бүгүнкү күндө бөк түшүп, чөк түшүп жашай турган болсо, ал парламент эмес. Мен буга мындай баа болсо деп күтпөйм. Ал жөн гана учур», — деди ал.