Момбеков башкы салыкчы менен башкы бажычыны кызматтан кеткиле деди

Салык кызматы менен Бажы кызматынын башчылары отставкага кетиши керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков комитеттик жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Ал өкмөттүн мүчөлөрүнөн “2019-жылдагы 12 миллиард сомдук бюджеттин дефицити үчүн ким жоопкерчилик тартат?” деп сурады. Анын айтымында, экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 1,5 миллиард сомдук казынанын тартыштыгы үчүн Теңизбек Абжапаровду Салык кызматынын төрагалыгынан бошоткон. “Андан кийин бул кызматка Кабыл Абдалиев келди. 2019-жылдагы бюджеттин дефицити 12 миллиард сом чыкты.  Абылгазиевден эмнеге бул отставкага кетпей жатат деп сурагам. Анда ал жылдын аягына чейин планды аткарышы керек, эгерде аткарбаса, чара көрүлөт деген. Бул боюнча дале чечим кабыл алына элек”, — деди Момбеков.

Депутаттын айтымында, Салык кызматы менен Бажы кызматынын башчылары отставкага кетиши керек жана кызматка кайтып келбеши кажет.