Момбеков: «Фейктер жөнүндө мыйзам иштегенинде эле оппозицияга каршы иштеди»

«Фейктер жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, иштеп жатат. Жакында эле бир ырчы кара тоголок кат менен кайрылды эле, биздин төрт депутатты ИИМ суракка алды». Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

«Автор өзү «Бул фейк. Тиги төртөөнө окуткан эмесмин, кол койгон эмес. Президенттик аппарат оңдоп коюптур, меники эмес» деп жатат. Анан фейк маалымат болсо дагы баарын суракка алышты. Мыйзам тескери иштегенде, ыйман тескери иштеп баштайт. Мындай нерсе жакшылыкка алып барбайт. Мен ушуга өзүм кабылдым. Мен «хулиганды» милицияларга берсем, кайра мени «хулиган» кылып чыгарышты. Мен өзүм ушул мыйзамга каршы тургам. Мына биринчи эле иштегенинде бийликке иштеди, оппозицияга каршы иштеди», — деди ал.