Момбеков: «Өмүркуловдун Жээнбеков менен Зулпукаров камалары менен ордун бошоткону саткынчылык…»

«Иса Өмүркуловдун Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камалары менен ордун бошоткону саткынчылыкка окшошуп кеткендей сезилет». Бул тууралуу КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков соцтармактагы баракчасына жазды.

«Иса Шейшенкулович былтыр партия мүчөлүгүнөн өз арызы менен чыккан жана «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган. Мындайда ал фракция төрагалыгына кайра отурбаш керек эле, кан кудасы Анвар Артыковго жазган арызын ачыктаган эмеспиз, оорусун ойлогон кезде ордун бошотоор деп… Анан калса, анын милдетин аткара турган орун басары деле бар да, Төрөбай Зулпукаров. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абакка камалар замат, ордун алардын уруксаты жок бошото салганы, саткынчылыкка окшошуп кеткендей сезилет. Силергечи?», — деп жазган Рыскелди Момбеков.

Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жана көпчүлүк коалициясынын лидери алмашканы маалым болгон.