«Монгол эли Ысык-Көлдү көрүүгө кызыкдар». Шакиев Монголиянын спикери менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту. Алгач парламент төрагалары тар чөйрөдө баарлашып, андан соң кеңири курамда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселесин талкуулашты.

Шакиев кыргыз менен монгол калкын бүгүнкү экономикалык-социалдык кызматташтык гана байланыштырбастан, узак жылдарды камтыган көчмөн турмушка тиешелүү тарыхый-маданий алакалар жакындатып турарын белгиледи. “Акыркы жылдары кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүп келет. Кыргызстандын өлкө башчысы өткөн жылы Монголияга расмий иш сапары менен барып, мамлекеттер аралык мамилелерди тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлган. Түрдүү тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга жетишилип, Монголияда Кыргыз Республикасынын элчилиги да ачылган”, – деди.

Парламенттер аралык алакалар тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев: “Жетишилген келишимдерди ишке ашырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң. Андыктан бул жаатта жигердүү иш алып баруубуз кажет. Азыркы тапта Жогорку Кеңеште Монголия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу түзүлгөн. Мындан сырткары, тармактык комитеттердин жана парламенттин аппараттарынын ортосундагы өнөктөштүктү да өнүктүрүшүбүз керек. Сиздин бүгүнкү расмий сапарыңыз мындан аркы алакаларды арттырууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деп кошумчалады.

Жолугушууда соода-экономикалык байланыштар тууралуу да айтылып: “Кыргыз тарап тоо-кен өнөр жайы, текстиль жана тигүү тармагы, мал чарбачылыгы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. Айрыкча биз Монголияга Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүүбүз кажет”, – деди Шакиев.

Өз кезегинде Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-монгол кызматташтыктыгына тиешелүү маселелерге токтолду. “Өткөн жылы Бишкек — Улан-Батор аба каттамы ачылып, байланыштарыбыз дагы да кеңейди. Айрыкча туризм тармагындагы кызматташтыкка тиешелүү жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, туристтердин санынын өсүшүнө өбөлгө түзүлдү. Монгол эли Кыргызстандын кооз жаратылышын жана жер шарынын бермети болгон Ысык-Көлүңүздөрдү көрүүгө кызыкдар”, – деди Гомбожавын Занданшатар. Муну менен катар өзү да мындан он жыл мурун Кыргызстанга келип кеткенин эске салган Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы: “Акыркы жылдар аралыгында өлкөңүздөр эбегейсиз жетишкендиктерге жетишип, өнүккөнүн байкадым”, – деп кошумчалады.