Монголиянын өкмөт башчы Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Кечээ, 23-октябрда Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди.

Анын жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал ушул жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.