Москва шаарында Кыргыз жарандарынын катышуусунда митинг болуп өттү

Москва шаарында Мамлекеттик Думанын имаратынын жанында Кыргыз жарандарынын митинги болуп өттү. Нааразычылык акциясын чагылдырган сүрөттөр социалдык тармактарга жайылды.

Алар президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов Москвага келгени үчүн митингге чыгышканын билдирген. Митингдин катышуучулары азыркы бийликке ишенбестигин айтып, президенттик шайлоо таза өтүшүнүп талап кылышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы кечээ, 6-декабрда иш сапардын алкагында Москвага учуп кеткен. Сапардын алкагында Талант Мамытов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү маалымдалган.