Муктар Жумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Жумалиев Муктар Кабылбекович Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы, Нидерланддар Королдугундагы, Люксембург Улуу Герцогдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы, Түндүк Атлантика келишим уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.