«Муну менен сүйлөшүү мүмкүн эмес турбайбы…» Жапаровдун Рахмон тууралуу айтканы

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөштү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

«Реакция болгон эмес. Эгерде реакция болгондо, ошол жактан эле буйрук берип, тык токтомок. Анткени атышып жаткан жерде Чек ара кызматынын жетекчиси жүрдү. Алардын атышууну токтотууга буйрук бергенге бардык мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Токтоткон жок, демек үстүнөн буйрук келген. Жапаров былтыр Рахмон менен жолугуп келгенден кийин «муну менен сүйлөшүү мүмкүн эмес турбайбы» деп келген. Катуу көңүлү калган», — деди ал.