Мураталы Тагаевдин ордуна Жалал-Абад шаарына мэр болуп Эрнисбек Ормоков шайланды

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Эрнисбек Ормоков шайланды. Бүгүн, 3-декабрда өткөн шаардык кеңештин жыйынына 31 депутаттын 28и катышып, алар бир добуштан Ормоковдун талапкерлигин колдошту.

Шаар башчылыгына эки адам талапкер болду. Экинчиси Эрнист Зияйдинов шайлоо күнү катышуудан баш тартып, арызын кайтарып алды.

Эрнисбек Ормоков 39 жашта. Ал буга чейин шаардык кеңештин үч чакырылышынын депутаты, бир жолку төрагасы болгон.

Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев 6-октябрда кызматтан кеткен.