Муратбек Азымбакиев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басарынын милдетин аткара баштады. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган кызматта ал ШКУ катчылыгынын Маалымат жана талдоо департаментин жетектейт.
«Муратбек Азымбакиев буга чейин Катчылыктын экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин улук эксперти болуп иштеген. Ошондой эле билим берүү, маданият жана туризм жаатында ШКУга мүчө-мамлекеттердин кызматташуу маселелерин тескечү. Ал Тышкы иштер министрлигинин системасында 1993-жылдан бери эмгектенет», — деп айтылат маалыматта.
Азымбакиев ТИМдин Борбордук аппаратында жана чет өлкөдө ар кандай кызматтарда эмгектенген. Алар:
- департаменттин директору;
- министрдин кеңешчиси;
- Тышкы иштер министрлигинин катчылыгынын жетекчиси;
- АКШда Нью-Йорктогу БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн 2, 3-катчысы;
- Индиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчисинин кеңешчиси;
- Швейцарияда БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары.
- Эл аралык жол транспорту башчысынын орун басары;
- Женевадагы Эл аралык автомобилдик каражаттар союзунун катчылыгында эл аралык жол транспортунун башчысы.
Муратбек Азымбакиевдин I класстагы кеңешчи деген дипломатиялык рангы бар экени айтылды.