«Мурда эч качан мындай болгон эмес». Садыр Жапаров эмнелер биринчи жолу болуп жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынына катышууда. Ага билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык коргоо жаатында иштегендер бардык аймактан чакырылды.

«Мен президенттик кызматка келген алгачкы күндөн тартып эле бардык күч-аракетимди мамлекеттик бюджетти көбөйтүүгө жана чыңдоого арнап келе жатам. «Мен бир тыйын да уурдабайм, башкалардын уурдашына да жол бербейм!» деп ант бергем. Эсиңиздерде болсо керек, мурда казынага кол салгандардын баарын кайра мамлекеттин эсебине төктүрө баштагадым. Ошондой эле, салык жана бажы төлөмдөрүн жакшыртууну да талап кыла баштадым.

Акылбек Үсөнбекович башкарган Министрлер кабинетинин алдына мен койгон эң башкы милдет – бюджеттин кирешесин көбөйтүү болду. Бул жаңы команда кандай активдүү иштеп жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Натыйжалар көп деле күттүргөн жок, бат эле келе баштады. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, консолидацияланган бюджеттин көлөмү 311 миллиард сомго жетти. Бул жылы чогултууларды 400 миллиард сомго жеткирүү милдети коюлган. Кийинки жылга мен 500 миллиардга жеткирүү милдетин коюп жатам. Биз азыр айыл чарбасына активдүү түрдө ресурстарды салып жатабыз.

Мурда эч качан мындай болгон эмес. 26 миллиард сом кредит түрүндө фермерлерге 6 пайыз менен берилди. Бул сумма албетте 100 пайыз дыйкандар менен фермерлерди быйыл эле камсыз кылып койгонго жетпейт. Анткени өлкө боюнча 500 миңге чукул дыйкан жана фермерлерибиз бар. Ирригацияга жана үрөндөргө бөлүнгөн каражаттар менен бирге, башка ресурстар дагы каралып, быйыл айыл чарбасына жумшалган каражаттын жалпы суммасы 40 миллиард сомго жетет.

Өзүңүздөр көрдүңүздөр, биз өткөн жумада Балыкчыдан Кочкорго чейин темир жолду куруу иштерин баштадык. Азыркы кезде Камбар-Ата сыяктуу ири ГЭСти, чакан ГЭСтерди, күн жана шамал менен иштетиле турган ондогон жаңы станцияларды быйылтадан тартып курууну пландап жатабыз», — деди Садыр Жапаров.