Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамы алынышын талап кылды

Мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамы алынышын талап кылды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич! Элин, жерин саткан, өз элин аткан Сооронбай Жээнбеков сиз алсыраганда биринчи эле мүмкүнчүлүктөн пайдалана далыңызга бычак саят! Мен мындан күмөн санабайм, анткени ал 24 жылдык досун, партиялаш, санаалаштарын саткан, ал нерсеге көнүп, профессияга айлантып алган. Жээнбековду токтоосуз «экс-президент» макамынан ажыратып, уюшкан үй-бүлөлүк кылмыштуу тобу менен кошо жоопко тартыш керек! Эгер эл арасында кызуу талкууга түшкөн 10 миллион доллар алган деген кептер калп десеңиз, мына ушундай кадамга барыңыз. Жээнбековдордун кылмышын таба албай жатсаңыз, мен таап берем!» — деп жазылат экс-депутаттын билдирүүсүндө.

Мээрбек Мискенбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири.