Кылычбек Султан: «Балким, ошол күнү революция башталгандыр, бирок революция максатына жете элек же аяктай элек»

Октябрь окуяларында революциянын да, элдик толкундоонун да, бийликти күч менен басып алуунун да элементтери бар. Бул тууралуу мурдагы элчи Кылычбек Султан СуперТВ телеканалындагы Октябрь окуяларына байланышкан эфиринде билдирди.

«Ошол күнкү окуяны элдик революция деп айтыш үчүн азыр өлкө таптакыр башка өлкө болушу керек эле. Элдин абалы, элдин келечекке болгон ишеними, жашоо-шартыбыз башкача болушу керек болчу. Балким, ошол күнү революция башталгандыр, бирок революция максатына жете элек же аяктай элек», — деди ал.

Ал мындан тышкары, талаптардын аткарылышына бир жыл жетиштүү экенин айтты. «Албетте, 1 жыл жетиштүү деп эсептейм. Бирок бийликке ошол учурга даяр команда келген болсо… Менин оюмча, ошол учурда бийликке келген команда өзгөрүүлөргө даяр эмес эле. Ошондой өзгөрүүлөргө багыт алган деп үмүт кылам. Бирок менин оюмча, азыр ал нерсе көрүнбөй эле турат», — деди мурдагы элчи.