Мурдагы элчи Кылычбек Султан: «Кумтөр элдин пайдасына чечилеби же бир ууч топтун чөнтөгүнө түшүп калабы?»

«Кумтөр» боюнча «элдин байлыгы элге» деген cөздүн ишке өтүп баштаганы бул жакшы. Бирок анын аягы кандай болот?». Бул тууралуу мурдагы элчи Кылычбек Султан СуперТВ телеканалындагы Октябрь окуяларына байланышкан эфиринде суроо салды.

«Эл кайсы бир адамдарга бийликти өткөрүп бергени жакшы болду. Бирок «бийликти алган адамдар элдин үмүтүн актайбы, качан актайт?» — ошол негизги суроо. Кумтөр боюнча дагы, ошонун айланасындагы болуп жаткан иштер элдин пайдасына чечилеби же баягыдай эле болуп кайсы бир ууч топтун тымызын чөнтөктөрүнө түшүп калабы?», — деди мурдагы элчи.