Кылычбек Султан: «Адилетсиздиги үчүн жоопко тартылган бийлик адамдары тарыхыбызда жокко эсе»

«Бизде адат болуп калды. Жасаган укук бузуулар үчүн, адилетсиздиги үчүн жоопкерчиликке тартылган бийлик адамдары тарыхыбызда жокко эсе». Бул тууралуу мурдагы элчи Кылычбек Султан СуперТВ телеканалындагы Октябрь окуясына байланышкан маегинде билдирди.

«Эгер бизде ошондой тажрыйба болсо, 3 жолу революция болбойт эле да. 3 революцияда тең максаттарына жетпей жаткан үчүн элдин нааразычылыктары өсүп, бийликтин рейтинги төмөндөп кетип аткан себеби ошондо. Ал учурдагы кетирилген кемчиликтерди чын дилинен оңдотууга кызыкдар адамдар бийликте азыраак», — деди мурдагы элчи.