Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулган Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарат. Анын талапкерлиги КТРКнын Байкоочу кеңешинин бүгүн, 15-октябрдагы жыйынында каралды.
КТРКнын буга чейинки башкы директору Бактияр Алиев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганы белгилүү болду.