Мурдагы маданият министри Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарат

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулган Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткарат. Анын талапкерлиги КТРКнын Байкоочу кеңешинин бүгүн, 15-октябрдагы жыйынында каралды.

КТРКнын буга чейинки башкы директору Бактияр Алиев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганы белгилүү болду.