4-августта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы каралып, 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Тактап айтканда, ал 30-сентябрга чейин камакта болот. Бул тууралуу аталган райондук сотунан билдиришти.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев УКМК тарабынан кечээ, 3-августта кармалган. Сариевдин экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени маалымдалган.








