Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго которушуп, ал ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу жактоочулары билдиришти.

Жактоочулары берген маалымат боюнча, Атамбаевдин ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу буга чейин кармалган УКМКнын СИЗОсунан №47 колониянын ооруканасына которуу өтүнүчү берилген. “Мурдагы президент бронхит болуп, кан басымы да ылдыйлап кеткен. Бирок аны эч кандай шарты жок 1-СИЗОго которуп коюшту. Камерасы жер төлөдө жайгашкан жана анда мурда өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалчу. Канализациясы иштебейт, камеранын эшиктери жабылбайт. Мындай шарттардан улам Атамбаев ачкачылык жарыялады”, — дейт жактоочусу.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 6-октябрга караган түнү тарапташтары УКМКнын СИЗОсунан чыгарып кетишкен. 10-октябрда ал бир күн мурдагы митингге байланыштуу массалык башаламандык уюштуруу боюнча кармалган.