Экс-президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, мурунку мамлекет башчысы партиянын ишенимдүү адамдарынын тизмесин жетектейт, ал эми Бишкек шаардык кеңешиндеги «Социал-демократтар» фракциясынын лидери — Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияда талапкерлердин тизмесинде биринчи болот.